Apple - дүйнөнүн эң кымбат компаниясы

Ал наркы жагынан мунай-газ боюнча эл аралык Exxon Mobil компаниясынан ашып өттү. Шаршембидеги соода жабылганда, Apple компаниясынын базар баасы 337 миллиард долларга бааланды. Бул Exxon Mobil компаниясынан 6 миллиард долларга кымбаттык кылат. Азыр Нью-Йорк биржасында Apple компаниясынын бир акциясынын баасы 363 доллар. Бул дүйнө боюнча эң чоң көрсөткүч. Apple компаниясынын кирешеси акыркы жылдары көбүнесе Ipad жана Iphone дүйнөдө арбын сатылганына байланыштуу өстү.