Дарыгерлерге кол салуулар күч алды

Эл аралык “Кызыл чырым” комитети дарыгерлерге кол салуулар өсүп жатканына тынчсызданганын билдирди. Бул мекеменин 10-августта жарыялаган жыйынтыгында куралдуу кагылыштар болгон аймактарда дарыгерлерге жана саламаттык сактоо мекемелерине болгон зомбулуктар 16 өлкөдө катталган учурлар бар экенин санаган. Анын ичинде Ливия, Сомали жана Ооганстан.

Эл аралык “Кызыл чырымдын” генералдык директору Ива Даккорддун айтымында, медициналык кызматкерлерге жана мекемелерге кол салуу эл аралык укуктарды бузат жана куралдуу кагылыштардан жабыркаган аймактардагы миллиондогон кишилерди медициналык жардамдан ажыратууга алып келет.