Баткенде июндагы селден жабыркагандар жардам алышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, июнь айындагы селден жабыркаган Баткен тургундарына жалпы өлчөмү 3 миллион 300 миң сомдук жардам берилди. Мындай жардамды Кызыл-Кыя шаарынын, Лейлек районунун тургундары алышты. (KKs)