Жетекчи чекист да президенттикке аттанат

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн президенттикке катышуу ниетин Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Марат Иманкулов жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин кызматкери Калмамат Мактымбаев билдирди. Натыйжада президент болом дегендердин саны 43кө жетти. Булардын 34ү өзүн-өзү көрсөтүшсө, онун саясий партиялар сунушташкан.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-август күнү кечинде аяктайт. (KKs)