Өз автоунаасы менен ишке чыккан МАИчиге сөгүш берилди

"ИИМ алдындагы жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик башкармалык кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын канчалык деңгээлде аткарылып жатканына көзөмөл кылууда" деп айтылат аталган башкармалык тараткан маалыматта. Ага ылайык, жол коопсуздугун көзөмөлдөө МАИчилерге кызматтык автоунаа колдонуу менен жүргүзүлүүсү зарыл деген мыйзамды одоно бузгандыгы үчүн М. Байгулов аттуу инспекторго сөгүш жарыяланган.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө атайын мыйзамдардын негизинде кызматтык автоунааны пайдалануу менен гана жүргүзүлөт деген долбоор 1-августтан тартып ишке кире баштады. (ZKo)