Орус жана азери президенттери жолугат

Дмитрий Медведев менен Илхам Алиев бүгүн Сочиде жолугат. Кремлдин билдиргенине караганда, жолугушууда көңүл бурулуучу негизги тема – Тоолуу-Карабак боюнча сүйлөшүүлөрдөгү кырдаал. Армения менен Азербайжан ортосундагы талашты жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөр 24-июндагы саммиттен бери туңгуюкта турат. Анда Казан шаарында орус, армян жана азери президенттери жолуккан. Бүгүнкү кездешүүдө Дмитрий Медведев менен Илхам Алиев Каспий деңизинин укуктук макамы, соода-экономикалык кызматташтык өңдүү маселелерге да кайрылары күтүлүүдө.