Жалал-Абадда жайлоону өрт чалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына караштуу Шамалды-Кыр жайлоосунда куураган чөп аянты күйүп жатат.

Өрттү өчүрүүгө министрликтен 10 өрт өчүрүүчү жана ИИМдин Кара-Көл шаарында жайгашкан аскер бөлүгүнөн 30 жоокер катышууда. Кечээ кечке жуук башталган өрт дале өчө элек. Кырсыктын себептери иликтенип жатат. (KKs)