Үркүндүн 95 жылдыгына карата иш-чаралар уланууда

Бүгүн Улуттук китепканада улуу кыргынды баяндаган китептердин көргөзмөсү болот. Өткөн аптада мамлекеттик тарых музейинде Үркүн жөнүндө тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү ачылган. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясы тарабынан “Үркүн курмандыктарын эскерүү” деп аталган иш-чара жүргүзүлүүдө.

1916-жылы Кыргызстанда падышалык Орусияга каршы жалпы элдик көтөрүлүш болуп, анда 170 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. (ZKo)