Аламүдүн районунда 150 гектар жайыт күйүп кетти

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов билдирди. Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы 5-августта Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылына караштуу жайытта болгон. Учурда өрттүн себептери такталууда. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. (KKs)