Азербайжанда активисттин үстүнөн сот иши уланууда

Мындан төрт ай мурдагы өкмөткө каршы нааразылык акциясында кармалган оппозициянын алты өкүлү Бакы калаасында кайрадан сот алдына келди. Айыпталгандардын алтоо тең Азербайжандын "Элдик майданына" мүчө. Алар "коомдук тартиптин бузулушуна алып келген аракеттерди уюштурган" жана "мамлекеттик кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, күч колдонгон" деп айыпталууда. Алар үч жылга чейинки мөөнөткө кесилиши мүмкүн.