7-августта “Ар кайсы тилде сүйлөйбүз”

Иш-чара “Бродвей кайрылат” долбоорунун алкагында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт. “Ар кайсы тилде сүйлөйбүз” аттуу иш-чаранын катышуучулары баарына түшүнүктүү деп эсептелген театр, музыка, бойоктор тилинде пикир алышмакчы.

"Бродвей жолугушуулары" деп аталган оюн-зоокко чет өлкөдөн да коноктор катышмакчы. Алардын катарында “Стрекоза” чыгармачыл тобу, “Эски Маджет” өзбек театры, “Caspian caravan” квартети да бар.

Буга чейин Бишкекте ушул өңдүү эки жолугушуу өткөн. (EK)