HRW: Агенттиктерге үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилсин

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму кыргыз бийликтерине кайрылып, интернеттеги маалымат агенттиктерине 30-октябрда өтчү шайлоого чейин үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

БШК 21-июлда интернеттеги 11 маалымат агенттиктерине үгүт жүргүзүү үчүн аккредитациядан өткөргөн эмес. Бул чечимин БШК мыйзамда интернет каражаттарынын ЖМК катары эсептелбегени менен түшүндүргөн.

Human Rights Watch уюму "бул чечим менен Боршайком интернеттеги маалымат агенттиктеринин шайлоо тууралуу сапаттуу жана өз убагында маалымат берүүсүн олуттуу түрдө чектөөдө. БШК четтеги кыргызстандыктардын ири жамаатын президенттикке талапкерлер тууралуу тез жана так маалымат алуусуна бөгөт койду" деп эсептейт.

Human Rights Watch 4-августта Жогорку Кеңешке кайрылып, "ММК тууралуу" мыйзамды медиа жаатындагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайыкташтырууга чакырды.

Президенттик шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШК 21-июлда 143 жалпыга маалымдоо каражатын каттоодон өткөргөн. Алардын кыркы телерадиокомпания болсо, 103ү мезгилдүү басылмалар. (EK)