БУУ Сирияда демонстранттарга күч колдонулушун айыптады

Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө "Башар ал-Асаддын бийлиги карапайым жарандарга күч колдонуп, адам укуктарынын кеңири бузулушуна жол бергени" айыпталат. Коопсуздук кеңешинин президенти жазган билдирүү бардык зордукчулукту "дароо токтотууга" жана эки жакты тең сабырдуулукка чакырат.