БУУ Сирия бийлигин айыптоодо

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия өкмөтүн нааразылыкка чыккан элге каршы катаал чараларды көрүп, адам укуктарын бузуп жатат деп айыптады. Кеңештин аракетин АКШ, Британия, Франция, Германия, Португалич баштаган өлкөлөр кубаттап жатышат. Британиянын БУУдагы элчиси Марк Льялл Грант:
- Сирияда вандализм аракеттери токтотулушу керек. Ага зомбулукту токтотуу, терең саясий реформа, адам укуктарын жана фундаменталдык баалуулуктарды урматтоо жана нааразылыкка чыккандарга каршы жасалган иштер үчүн жоопкерчилик аркылуу гана жетүүгө болот.
Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсүн анын 15 мүчөсү колдоору, Ливан макул эместигин билдирип, бирок, билдирүүгө тоскоолдук кылбагандыгы кабарланууда.