“Ата Мекен” 7-августта президентикке талапкерин көрсөтөт

“Ата Мекен” партиясы 7-августта курултай өткөрүп, анда партия атынан президенттик жарышка аттана турган адамдын ысымы ачыкталат. Буга чейин президенттик жарышка “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев катышары айтылган.

“Ата Мекен” партиясына мүчө болгондордун жалпы саны 8 миңдин тегерегинде. Ушул жекшембиде өтчү курултайга жер-жерлерден делегаттар жана партияга тилектеш адамдар чакыруу алышты. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 16-августка чейин созулат. Азыркыга чейин президент болуу мүдөсү ачыкталган 30 талапкердин жетөөсүн саясий партиялар көрсөтсө, калган 23ү өзүн өзү көрсөткөндөр. (EK)