Орусия Магнитскийдин өлүмүн териштирүүнү улантат

Башкы прокуратура адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмү боюнча кылмыш ишти токтоткон токтомду жокко чыгарды.

«Hermitage Capital» корунун юристи Мергей Магнитский салык төлөөдөн качкан деген негизде камалып, 2009-жылы Москвадагы убактылуу кармоочу жайда көз жумган. 37 жаштагы юристтин абактагы өлүмү эл аралык коомчулуктун назарын бурган. Абактын кызматкерлери Магнитскийге өз маалында медициналык жардам көрсөткөн эмес, ал болсо юристтин өлүмүнө себепкер болгон деген негизде айыпталууда.