Келдибеков украиналык кесиптешине көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы Владимир Литвинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

29-июлда Луганск облусундагы шахталардын биринде метан жарылып кеткен. Кийинчерээк коңшулаш Донецк облусундагы шахтада тирөөчтөр сынган эле. Шахталардагы кырсыктарда кеминде 25 адам өлгөнү айтылган. (КЕ)