ӨКМнын коомдук кабылдамасы Таласка көчөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, республиканын бардык райондорунда уюштурулган көчмө коомдук кабылдамасы ишин 3-августта Талас облусунда улантат. Иш-чара калктын көйгөйлөрү менен жеринде таанышып жана маселени министрге түз жеткирүү максатын көздөөдө. Коомдук кабылдаманы өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы Нуртемир Мурзабеков жетектейт. Министрликтин көчмө коомдук кабылдамасы буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облсутарында уюштурулган. (КЕ)