АКШда карыз боюнча компромисс табылды

Бул тууралуу азыр эле АКШдагы маалымат жыйынында президент Барак Обама билдирди. "Жетишилген келишим мен каалагандай болбогону менен, дефолттон качканга көмөк болот", - деп айтты Обама.

Кечээ Конгресстеги Демократиялык жана республикалык партиялар бюджеттин чыгымын кыскартып, карыздын чегин көтөрүү боюнча келишим кабыл алыш үчүн чукул жыйынга чогулушкан. Азырынча келишим Сенаттан добуш берүүгө коюла элек.