Доклад: "Иракта былтыркыдан да кооптуу болуп калды"

“Иракта быйыл, былтыркыдан да, кооптуу болуп калды”, - деп айтылат Иракты кайра куруу боюнча АКШнын атайын инспекторунун бүгүнкү докладында. Инспектор Стюарт Боуэндин баяндамасында айтылгандарга караганда, быйыл июнь айында эле 15 америкалык аскер курман болгон. Соңку эки жылдан бери бир айдын ичинде мынчалык көп аскер өлгөнү каттала элек болчу. Анын үстүнө, Иракта эң эле коопсуз деп эсептелген айтылуу “жашыл зонага” чабуулдар көбөйдү. Бул райондо мамлекеттик органдардын имараттары, чет-өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкан.