НАТО Ливиянын мамлекеттик телеканалынын станцияларына сокку урду

Альянстын расмий өкүлү Рональд Лавойдун айтымында, алар өткөн түнкү чабуул үчүн өтө так сокку урчу куралдарды колдонушкан.

"Бир нече саат мурун НАТОнун авиациясы Триполидеги телевизиондук маалымат өткөрүүчү үч спутник станциясына абадан сокку урду, - деди ал. - Бул Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин №1973 резолюциясынын алкагында “Каддафинин режими элдин үрөйүн учурган, зомбулукка үндөгөн маалыматын тарката албай калсын” деген максатта жасалды".

Ошентсе да, бул билдирүүдөн кийин деле Ливиянын телеканалы дале көрсөтүп жаткан. Мамлекеттик телеканал “НАТОнун чабуулунан телеканалдын станциялары эмес, элдер жашаган район жабыркады” деп кабарлады. Бирок анын чын-төгүнү азырынча аныктала элек.

Быйыл мартта Ливияны 41-жылдан бери башкарып келаткан Муаммар Каддафиге каршы элдик толкундоолор башталганда, Бириккен улуттар уюмунун атайын резолюциясы менен НАТО "элди Каддафинин режиминен коргош үчүн" чабуулдарын баштаган.