Алты айда жол кырсыгынан 379 адамдын жаны кыйылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда 1927 жол кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 50гө көптүк кылат.

Быйыл жыл башынан бери жол кырсыктарынан 379 адам каза болуп, 2634 адам жаракат алган. Жол кырсыктарынын 47 пайызы түнкү мезгилге туура келет. Жыл башынан бери катталган жол кырсыктарынын 15 пайызы жөө адамдардын, 81,5 пайызы айдоочулардын этиятсыздыгынан келип чыккан. (KKs)