Казакстан: Актөбө шаарында атышуудан эки киши мерт болду

Казакстандын Ички иштер министрлиги белгисиз куралчандар полицияга ок ачып, бир офицерди өлтүргөнүн маалымдады. Кол салгандар Актөбөнүн четиндеги бир үйдү жардырып, анын ичиндеги белгисиз адам набыт болуп, дагы бирөө жараат алды.

1-июль күнү Актөбө облусундагы бир айылда болгон чабуулдан эки полициячы каза тапкан. Казакстандын бийликтери бул окуялар ортосунда байланыш жок деп басым жасап келатат.