Быйыл ажылык сапарды атайын борбор уюштурат

Ажылык сапарды уюштура турган муфтияттын алдында түзүлгөн борбор Юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Борборду муфтий Чубак ажы Жалилов жетектейт жана ага коомдук уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирсе болот. Бул тууралуу бүгүн муфтий маалымат жыйынында билдирди.

Муфтийдин айтымында, быйыл зыяратка аттангандар учак менен түз Сауд Аравияга чейин бара алышат. Ошондой эле Жалилов 2000 адамдын жатакана маселеси чечилгенин, зыярат кылган учурду Коомдук телеберүү аркылуу түз чагылдыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Быйыл кыргызстандыктар үчүн 4500 орун берилген.

2010-жылкы ажылык сапарды уюштурууда мамлекеттик дин комиссиясы жана айрым аткаминерлердин кыңыр иштерге жол бергени тууралуу кабар тараган. Бул маселени бир топ комиссиялар да иликтеген. (КЕ)