Быйыл Кыргызстанга келген инвестиция көлөмү азайды

Бул тууралуу экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн негизги капиталы 4% кыскарып, натыйжада курулуш продукцияларынын көлөмү төмөндөдү. Министр мындай көрүнүштөрдү өлкөдөгү саясий кырдаал жана алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырды. (КЕ)