Кыргызстанга 9,9 млн. евро грант берилет

Бул кайтарымсыз акча Ош жана Жалал-Абат шаарларын суу менен камсыз кылуу максатында берилүүдө. Анын ичинен 5,05 млн. евро Ош шаарына, 4,85 млн. евро Жалал-Абатка бөлүнмөкчү. Бул долбоор эки донор: Швейцария өкмөтү менен Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Кыргызстанга кайтарымсыз акча берүү келишимине кечээ каржы министри Мелис Мамбетжанов жана Швейцариянын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Лоран Ги кол коюшту.(ZKo)