Индия-Пакистан министрлери тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ич-ара бири-бирине ишенимди күчөтүш үчүн бүгүн Нью-Делиде жолугушту. Сүйлөшүүдөн кийин Индиянын тышкы иштер министри Соманахалли Кришна эки мамлекеттин алакасы “кайрадан туура нукка түшкөнүн” айтты.

Ал эми Пакистанда жакында эле Тышкы иштер министри болуп дайындалган 34 жаштагы Хина Раббани Хар кызматташтыктын “жаңы доору башталганын” белгиледи. Экөө тең талаштуу Кашмир регионунда коопсуздукту сактоо үчүн ортодогу мамилени оңдогонго бирдей жоопкерчилик бар экенин айтышты.

Атомдук куралга ээ эки өлкө 1947-жылы эгемендикке жетишкенден бери эле көбүнчө мусулмандар отурукташкан Кашмир регионун талашып келатышат.