Кыргызстандагы Германия элчиси алмашты

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Жаңы элчи Гудрун Мария Срэга жакынкы күндөрү Кыргызстандагы Германиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектөөгө киришет. Буга чейин элчиликти жетектеп келген Хольгер Грэнди Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев кабыл алып, Кыргызстандагы жигердүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, грамота тапшырды. (EK)