Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлер оозеки сынактан өтө баштады

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Маалыматка ылайык, Конституциялык палатадагы 11 орун үчүн 30 талапкерден арыз түшкөн. Алардын бирөө арызын кайтарып алган.

Соттук кызматка арыздарды кабыл алуу 25-июлда аяктаган. Сотторду тандоо кеңеши бул талапкерлердин кызматка ылайыктуулугун он күн ичинде карап чыкмакчы.

Талапкерлердин тизмеси “Эркин Тоо” жана “Кыргыз Туусу” гезиттерине жарыяланып, www.sudsystem.kg сайтына жайгаштырылды. Жарандык коом талапкерлерге карата өз пикирлерин билдирсе болот. (ЕК)