Зилзаладан жабыркагандарга 50 миң сомдон жардам берилет

Өкмөт Баткендеги зилзаладан жапа чеккендерге 50 миң сомдон акчалай жардам берет. Бул тууралуу премьер-министр Алмазбек Атамбаев Баткендеги иш сапары маалында Кадамжайда билдирди.

Өкмөт башчы бүгүн ал жерде 20-июлдагы жер титирөөдө жабыр тарткан социалдык-маданий маанидеги объектилерди кыдырып чыкты. Жергиликтүү тургандар менен жолугушуу учурунда өкмөт башчы жапа чеккендерге 50 миң сомдон кайтарымсыз акча берилерин билдирди. Мындан тышкары кыйраган турак-жайларын калыбына келтирүү үчүн 200 миң сомдон узак мөөнөттүү ссуда берүү тууралуу да сөз болду. Атамбаев бүгүн Кызыл-Кыя шаарында жана Караван айылында болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. (EK)