Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү үчүн 257 млн. сом керек

Ош жана Баткенде зилзаладан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 257 миллион сомдун тегерегинде каражат керек. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, анчейин көп зыян келбеген турак-үй ээлерине жалпысынан 17, 67 миллион сом, орто деңгээлдеги бузулууларга дуушар болгон үйлөргө 65,1 миллион сом, чоң кыйроого дуушар болгон имараттарга 176 миллион каражат бөлүнүүгө тийиш.

20-июлда болгон жер титирөөдөн кийин текшерүү иштери дале уланууда. Мындан улам материалдык чыгымдардын саны өсүшү мүмкүн. (KKs)