Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесине карата 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында жалпы 1700 адамдан турган аскерий парад болот. Бул тууралуу мааракеге даярдануу боюнча өкмөттө өткөн жыйында коргоо министри Абибилла Кудайбердиев билдирди. Анын айтымында, бул парадга совет убагында чыкпаган техникалар чыгарылуу алдында турат.
Маселен, парад учурунда Ала-Тоо аянтынан 80-85ге жакын оор аскер техникалар өтөт. Ошондой эле учак, тик учактарды учуруу да пландалууда. Учурда өлкөнүн ар кыл аймактарындагы аскердик бөлүктөрдө бул парадга даярдык жүрүүдө. Аскердик иш-чараны өткөрүү үчүн 18 миллион сом керектелет. (KKs)