“Ала-Тоого” Манастын айкели орнотулат

Бишкектин “Ала-Тоо” майданында "Эркиндик" эстелигинин ордуна Манастын айкели орнотулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттөгү ишенимдүү булактардан кабарлашты. Буга байланыштуу токтомго бүгүн-эртең кол коюлмакчы. Маалыматка ылайык, "Эркиндик" эстелиги башка жайга которулат. Ал эми мурдагы Агропром имаратынын алдына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулат. (КЕ)