Апрель окуясы боюнча сот иши дагы жылды

Жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариевдин "Азаттыкка" билдиришинче, сот иши айыпталуучулардын бири Сергей Цигельниковдун саламаттыгына байланыштуу жылдырылды. Цигельников 14-апрелде айыпталуучулар менен жабырлануучулардын чатагында алган жараты жакшы болбой жатканын адвокаты сотто билдирген. Соттук териштирүү 27-июлга белгиленди.
Жамансариев Сергей Цигельниковдун саламаттыгын шылтоо менен айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сотту создуктуруу амалын жасап жатат деген пикирин билдирген. (КЕ)