Тур-де-Франс мелдешинде австралиялык спортчу жеңип алды

Дүйнөдөгү эң атактуу велосипед жарышында Кадел Эванс марага люксембургдук Энди Шлектен бир мүнөт 34 секунд эрте келди. 34 жаштагы Эванс 1923-жылдан бери өткөрүлүп келаткан Тур де Франстын эң улуу жаштагы чемпиону болуп калды. Үч жумага жана 3430 чакырымга созулган жарыштан тыю салынган затты колдонгону үчүн орусиялык Александр Колобнев четтетилген.