Уго Чавес дарылануудан келди

Венесуэла президенти Уго Чавес узак дарылануудан кийин Кубадан кайра мекенине кайтып келди. 56 жаштагы Чавеске жамбаш жагынан рак шишигин алуу максатында Кубада 20-июнда операция жасалган. Ага акыркы аптада химиялык терапия жасалгандыгы, дагы бир нече ирет ушундай жараян күтүп жаткандыгы кабарланууда.