Иранда физик-окумуштууну атып кетишти

Физика илимдеринин профессору, 35 жаштагы Дариуш Резаини Тегеранда үйүнүн жанында атып кетишти. Бул тууралуу ISNA маалымат агенттиги жазды. Бул - атом энергетикасы боюнча Иранда экинчи окумуштуунун өлтүрүлүшү. Былтыр ноябрда өлтүрүлгөн Профессор Мажид Шахриари үчүн Иран бийлиги АКШ менен Израилди айыптаган.