Президент болом деген талапкерлердин саны 21ге жетти

Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн Асида Иманалиева, Сазыкбай Турдумалиев, Өмүрбек Бөлтүрүков шайлоого катышуу ниетин расмий билдиришти.

Буга чейин “Жашылдар” партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев, “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев, “Ата Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров жана Коммунисттер партиясынан Исхак Масалиев президенттикке ат салыша турганын БШКга билдиришкен.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушу жок деп белгиленген Тургунбек Нарикеев, Жылдызбек Стамбаев, ошондой эле Нурлан Мотуев, “Московский Комсомолец Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов, убактылуу иштебеген Темиркул Өмүралиев жана Коргоо министрлигинин кызматтан чегинген полковниги Болотбек Казакбаев, “Инсанат” коомдук корунун жетекчиси Өмүрбек Эгембердиевдер өзүн өзү көрсөтүшкөн. Кечээ талапкерлигин өздөрү көрсөткөндөрдүн тизмесин мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, убактылуу иштебеген Дамира Токтосунова, латвиялык “Маро” ишканасынын өкүлү Сайнидин Султанидинов жана Президенттин иштери башкармалыгынын бөлүм референти Эрнис Айтымбетов толуктаган.

БШК талапкерлерди каттоодон мурда алардын экиден ыйгарым өкүлдөрү каттайт. Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Ошондой эле бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. Президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августтун кечине чейин БШКга расмий кайрылууга тийиш. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (KKs)