"Тилектештик" кыймылы Сотторду тандоо кеңешине кайрылды

"Тилектештик-Солидарность" кыймылы 24 кишиден турган Сотторду тандоо кеңешине кайрылып, аларды ачык иштеп, ишинин жыйынтыгы тууралуу калкты кабардар кылып турууга чакырууда. Кыймылдын мүчөлөрү Сотторду тандоо кеңешине ачык отурумдарды өткөрүп, жарандык коом менен тыкыс иштөө өтүнүчүн билдирүүдө.

Буга чейин ушундай эле өңүттөгү билдирүүнү Укук коргоочулар кеңеши да тараткан.

Сотторду тандоо кеңеши 8-июлдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында толук бекитилген. Бул кеңеш Кыргызстандагы судьялардын кызматтарына ылайыктуулугун териштирип чыкмакчы. (KKs)