Кыргызстандык хирургдар Германияда билимин өркүндөтүшөт

Жалпы хирургия боюнча Германиянын колдоосу менен Ысык-Көлдө өткөн семинарда кыргызстандык адистерди үч жыл бою бир жылдык мөөнөт менен Германияга окууга жиберүү, медициналык кызмат көрсөтүүдө европалык талаптарга жооп берген оорукана түзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-июлдан 23-июлге чейин созула турган бул семинарга Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Германиянын Билефельд шаарындагы госпиталдын кызматкерлери Ханс Липперт, Марк Реймон жана бир катар медициналык борборлордун өкүлдөрү катышты. (KKs)