Гератта коопсуздук жоопкерчилигин Ооганстан алды

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында коопсуздук жоопкерчилиги жергиликтүү коопсуздук кызматтарынын карамагына берилди. Бул - Ооган бийлиги өзүнө алган төртүнчү провинция. Мындай кадамдар НАТО күчтөрүнүн өлкөдөн чыгып жатышына байланыштуу жасалууда.

Расмий өткөрүшүү иш-чарасына Ооганстандын коргоо министри баштаган расмий өкүлдөр, Италиянын экономикалык өнүгүү министри катышты. Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн курамында Гераттын коопсуздугуна Италия жооп берип келатат. Коопсуздук күчтөрүнүн кароосунда Ооганстандын дагы үч провинциясы турат.