АКШ Кыргызстанда жалаа жабуу боюнча кылмыш куугунтугунун алынышын колдойт

АКШ элчилиги жакында Кыргызстанда жалаа жабууну кылмыш жазасынан алып салуу боюнча Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттайт. Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, АКШ бул өзгөрүүлөрдү маалымат эркиндигинин жана адам укуктарынын сакталышына карай жасалган кадам жана бүт чөлкөм үчүн үлгү катары сыпаттоодо.

Ушундай эле билдирүүнү буга чейин ЕККУнун медиа эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович да жарыялап, жакында Кыргызстан кылмыш кодексинен “мазактоо” беренелерин да алат деген ишенимин ачыктаган.

Кылмыш кодексиндеги мындай өзгөрүүлөрдү Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алгандан кийин президент Роза Отунбаева бул мыйзамга 11-июлда кол койгон. Кыргызстандын тарыхында “ушактады” деген кине менен буга чейин бир канча журналист айып пулга жыгылган эле. (KKs)