Баткенде зилзаладан жабыркаган 15 адам оорукагана кайрылды

Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, ооруканага кайрылган 15 адамдын 13ү амбулатордук дарыланууга жиберилди. 2 адам “мээси козголду” деген диагноз менен стационардык дарыланууга жөнөтүлдү. Ушул сааттарга карата кишилей чыгым катталган жок.

Баткен облусунда 20-июлга караган түнү күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын бир катар облустарында жана Өзбекстан, Тажикистан, Казакстандын аймактарында байкалган. Анын кесепетинен Өзбекстанда 13 адам, Тажикстанда 1 адам каза болгону кабарланууда. (KKs)