Баткен зилзаласы: 11 айылда жарык жок

Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга түнкү зилзаладан “Металлург” подстанциясынын трансформаторунун иштен чыкканы себеп болгон.

Ушул тапта Кадамжай, Пүлгөн, Тамаша, Кызыл-Булак, Халмион, Охна жана Яркутан айылдарында электр жарыгы бериле элек. (KKs)