АКШ Түштүк Судандын көз карандысыздыгын кубаттады

АКШнын Сенаты Түштүк Судандын көз карандысыздыгын кубаттаган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Судандын түштүгү менен түндүгү ортосунда 2005-жылы түзүлгөн тынчтык келишимине ылайык, быйыл январда референдум өткөрүлүп, түштүктөгүлөр бөлүнүү сунушун колдошкон. 9-июлда Түштүк Судан эгемендүүлүгүн расмий жарыялап, өткөн бейшембиде БУУнун 193-мүчө мамлекети болуп калды.

Түштүк Судандын эгемендүүлүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөсү, анын ичинде Кыргызстан да тааныды.