Курманбек Осмонов президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов президенттикке ат салыша турганын Борбордук шайлоо комиссиясына билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Натыйжада президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны тогузга жетти. Буга чейин Эркин Бөлөкбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Арстанбек Абдылдаев, Барктабас Аземкулов, Игорь Трофимов, Тургунбек Нарикеев жана Жылдызбек Стамбаевдер президенттикке катышуу ниетин расмий билдиришкен.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирүү мөөнөтү 16-августка чейин созулат. (KKs)