Чукул кабар: Сел коркунучу бар

Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 20-июлга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар.

18-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34, Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 11…16 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 32…34 градус жылуу болот. (KKs)