Өзбекстанда экинчи журналист ачкачылык акциясын токтотту

Малохат Эшонкулова "Азаттыктын" Өзбек кызматы билдиргендей, кан түкүрүп, башын көтөрө албагандыктан, 19 күндөн кийин наар алууну чечти.

Эшонкулованын кесиптеши Саодат Омонова 12-июнда күчкө салып, ооруканага жаткырылган эле. Эки журналист Ташкенде 27-июнда кармалып, президент Каримовдун резиденциясынын алдында ачкачылык акциясын баштаганда камакка алышкан.

Аларга сот бир жарым миң долларлык айып салган. Экөө президент Каримов менен жолугуп, Йошлар сыналгы каналынан декабр айында Ташкенде цензурага каршы наааразылык билдирип чыккандан кийин иштен алынгандан соң цензура маселесин көтөрүшүүдө. Аталган сыналгы эки кабарчы мыйзамдын негизинде иштен алынды деп ырастоодо.