Чукул кабар: Сел коркунучу сакталууда

Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 20-июлга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар.

17-июлда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл аймагында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 10…15 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градус жылуу болот. (KKs)