Бабанов: Чет элдик ишканалар кыргызстандыктарды жумушка алышы керек

Мындай билдирүүсүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Боом капчыгайындагы жол куруу иштери менен таанышуу учурунда ачыктады. Мындан тышкары аймакта жолду кеңейтүү боюнча иштеп жаткан “Чайна Роуд” компаниясына жергиликтүү атуулдарды да ишке тартуу сунушун билдирди:

“Чет өлкөлүк компаниялар Кыргызстандын жарандарын жумушка алышы керек. Кеп жөнөкөй жумушчулар жөнүндө эле эмес, жергиликтүү адистерди чакыруу тууралуу болуп жатат. Кыргыз өкмөтү инвесторлорго бирдиктүү талап иштеп чыкканы турат. Анын негизги пункту биздин адистерди милдеттүү түрдө жумушка тартуу болуп саналат”,-деди Бабанов.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов учурда Ысык-Көлдө жумушчу сапары менен жүрөт. (KKs)